Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү билдирет, Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары тарабынан жогорудагы факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (Бейбаштык) менен 163-беренеде (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Окуя болгон жерге аталган кылмыш ишин ачууга багытталган тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Кароо жүргүзүү учурунда жакынкы жерлерде жайгашкан видеокамералардын видеолору көрүлүп, токтотуп коюшкан автоунаалар текшерилип, бардык далил буюмдар алынып, кылмыш ишинин материалына бекитилип, зарыл болгон эскпертизалар дайындалган.
Аймактык органдарга 25 адам жеткирилип, суракка алынгандан кийин кое берилишкен. Ал эми 5 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын экөө ооруканага жаткырылды.
Азыркы учурда, Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган кылмыш ишине тиешеси барлардын кайда экендигин тактоого багытталган комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Аталган факты боюнча Өкүлчүлүк, Россиянын ИИМдин Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз иштешүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ