Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча кылмыш иши сотко өткөнү буга чейин айтылса, бүгүн алдын ала соттук угуулар Бишкектин Биринчи май райондук сотуна 11-октябрга белгиленгени айтылды. Сотту Эмил Кайыпов алып барат. Бул жөнүндө А.Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымында, Атамбаевдин күнөөсүн далилдеген бир факты жок имиш. “Шамиль Атахановдун көрсөтмөсүн сыр бойдон кармашууда, ал эми Аида Салянова менен Зарылбек Рысалиев Атамбаевге каршы көрсөтмө беришкен эмес. Эми бардыгын сотто көрөбүз”,- дейт жактоочу.
Эскерте кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ