Достор, ынтымак жакшы бирок минтип сүрөткө түшпөй эле коюшса болмок. Булар карапайым элди алдап, жинди кылмай болушту. Үчөө тең элди үчкө бөлүшүп, кезегинде биринин богун бири жеген, ушундай катуу урушушкан. Булар таза ЦИРК экен.
Мисалы: Шайлоодо өзүм көргөм, тарапташтары (толпа на толпа) согушканын: Ата-Мекен, РАЖ, СДПК, а булар саясат деп, элди каратып алдап, тою тойго уланып жүрүшөт. Тойго бүт келишиптир, элди бөлүп-жарып итке мингизишип, өздөрү жыргап жүрүшөт. Ушуларды ээрчиген биз начарбыз. Ушул сүрөттөн кийин көңүл калды, билбейм силер кандай ойлойсуңар?
Принцип деген болуш керек, булардын баарысы бир эле шайка экен, элди эч кимиси ойлогон эмес. Тойго барышсын бирок минтип сүрөткө түшкөнүн жактырган жокмун.
Сыймык Жапыкеев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ