Вашингтон Тегеранга каршы бардык санкцияларды алмайын, Иран АКШ менен сүйлөшүүлөргө барбайт. Бул тууралуу шейшембиде Ирандын президенти Хасан Роухани билдирди.
Муну менен Иран президенти АКШ президенти Дональд Трамптын “Чоң жети” саммитиндеги билдирүүсүнө жооп кайтарды.
26-августта Трамп 2015-жылдагы өзөктүк келишим боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу үчүн ынгайлуу шарт болсо Иран президенти менен жолугушууга даяр экенин билдирген.
Reuters агенттиги маалымдагандай, учурда Иран экономикасын колдоо үчүн насыя багыттарын ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ