Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафаны кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта, «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Экономиканын түрдүү секторлорунда инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы өзгөчө белгилегендей, Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ар дайым ачык жана өлкөнүн социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашырууда чет элдик өнөктөштөрдүн инвестицияларын кабыл алууга даяр.

Президент аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык тутум, социалдык объектилердин курулушу, энергетика жана башка тармактарда биргеликте кызматташууга даяр экендигин билдирди.

«Аль Бавани Ко ЛТД» аткаруучу директору Фахер Аль Шаваф Мамлекет башчысына компаниянын Кыргызстандын ички рыногунда инвестициялоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Ал «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясы рынокто 50 жылга жакын ийгиликтүү иштеп таанылгандыгын баса белгиледи.

Фахер Аль Шаваф белгилегендей, компания узак мөөнөттүү негизде ата мекендик экономиканын бардык ири тармактарында жана социалдык чөйрөдө долбоорлорду ишке ашырууга каражаттарды салат. Ал «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясы Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравиясына расмий визити астында реалдуу долбоорлорду көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков потенциалдуу инвесторлор менен кызматташууну арттыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан зарыл болгон иш-аракеттер жүргүзүлөрүн ырастады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: