Ысык-Көл районунда жол кырсыгы болгонун 14-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Балык-Каракол автожолунун 55 километринде, Өрнөк айылында эки оор жүк ташыган автоунаа сүзүшүп, “КамАЗдын кабинасы өрттөнүп кеткен. Окуя болгон жерде айдоочу жана анын жүргүнчүсү каза болгон, экинчи машинедеги экөө оор жаракат алган. Беш куткаруучу жансыз денелерди машинеден алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ