Menu

Фото – Женева шаарында КР жараны Азизбек Ашуровго эл аралык абройлуу укук коргоочулук Нансен сыйлыгы тапшырылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-октябрь күнү Женева шаарында БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын Аткаруу Комитетинин 70-сессиясынын алкагында Кыргызстандын жараны Азизбек Ашуровго эң абройлуу укук коргоочулук премиялардын бири – Нансен сыйлыгын берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аземде Нансен Комитети Азизбек Ашуровдун ишмердүүлүгүн жана жарансыздыкты жок кылуу ишинде ал негиздеген «Юристы Ферганской долины без границ» уюмун жогору баалады жана мындай жыйынтыктарга жетишүү бул мамлекет менен жарандык коомдун ийгиликтүү кызматташуусунун жарык үлгүсү болуп саналаарын баса белгиледи.

БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссары Ф.Гранди Кыргызстандын жарандык берүүнү камсыз кылган мамлекеттик органдарынын  ишин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу, аталган салтанаттуу иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы – КР Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековго жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси А.Мамбетовго ыраазычылык билдирилди.

Азизбек Ашуров, өз кезегинде, Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгына жана Нансен Комитетине мындай жогорку баа үчүн ыраазычылыгын билдирди жана бул сыйлык жеке өзүнө гана эмес, бул процесске катышкан бардык адамдарга, анын ичинде мындай жыйынтыктарга жетүү үчүн көмөк көрсөткөн жалпы мамлекетке таандык экендигин баса белгиледи.

Анын айтуусу боюнча, Кыргызстандын Өкмөтү жарансыздык көйгөйүнө өзгөчө көнүл бурат, жана бул багытта Кыргызстан өтө маанилүү жумушту аткарды. Ал, өкмөттүк эмес сектордун Кыргызстанда бул чөйрөдө ийгиликтүү өнөктөштүктү улантууга жана эл аралык деңгээлде топтогон тажрыйба менен бөлүшүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Маалымат үчүн: Нансен сыйлыгы – Качкындар иштери боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын жыл сайын берилүүчү укук коргоочулук премиясы, ал качкындардын укугун коргоо жаатындагы жетишкендиктер үчүн ыйгарылат. Бул премия норвегиялык полярдык изилдөөчү, Качкындар боюнча улуттар лигасынын Башкы Комиссары, дуйнөлүк Нобел сыйлыгынын лауреаты Фритбоф Нансендин урматына аталган. Сыйлык 1954-жылы түзүлгөн. Нансен комитети түзүлүп, ал кандидаттарды тандоо иши менен алектене баштаган. Биринчи жолу Нансен сыйлыгы 1995-жылы тапшырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: