Menu

Трамп миграциялык саясатты катаалдаткан жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп чек аралардын коопсуздугун күчөтүү жана Кошмо Штаттарда мыйзамсыз жашап жүргөн иммигранттардан кутулууга багытталган эки жарлыкка кол койду.

Анда АКШ менен Мексиканын чегинде дубал куруу жана мыйзамсыз иммигранттар кармалбай жаткан шаарлар үчүн федералдык каржылоо көлөмүн азайтуу чаралары каралган. Ошондой эле ал качкындарды кабыл алууга тыюу салуу жана Сирия, Ирак, Иран өңдүү башка мусулман өлкөлөрүнүн жарандары үчүн америкалык визаларды берүүнү убактылуу токтотуу боюнча чараларды камтыйт.

Жарлыктар жакынкы күндөрү күчүнө кире турган мыйзасыз мигранттарга каршы күрөш боюнча катаал чаралардын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Reuters жана AP агенттиктери жазгандай, мындай чектөө бир нече айга созулуп, бийлик өлкөдө тыкыр иликтөө жүргүзүп бүткөндө гана алынат.

Агенттиктердин маалыматы боюнча экинчи жарлык Сириянын, Ирандын, Ирактын, Ливиянын, Сомалинин, Судандын жана Йемендин бардык жарандары үчүн виза берүүнү токтотот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: