Дагы бир таңгалычтуу жагдай, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев Баткен облусунун күч органдарына эки жолтандабасты белек кылып аткан видеосу, сүрөттөрү чыгып атса, ал жерде милициясы аралашып жүрсө, ИИМ кайрадан оозу-мурду кыйшайбастан, бул фактыны төгүнгө чыгарып атат. Албетте, интернет айдыңында кызуу талкуу жаралып, милицияга карата нааразычылык жаралбаганда, белекке келген эки жолтандабасты алып эле коюшмак да, туурабы? Качан гана коомчулук жарылганда ИИМ актанып, айласы кетип калганына күбө болдук. Мына, ишенген ИИМдин жүзү! Коомчулук түкүрүнүп атат…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ