Menu

Токмокто эки таксистти ур-токмокко алып, бирин өлтүргөн кылмышкерлердин бири кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 26-декабрь күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага үч жигит денесине ар кандай жаракаттарды алып кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган окуя боюнча Чүй районунун ИИБнин ыкчам тергөө тобу чыгышып, жабырлануучулардын өздүктөрүн аныкташкан алар: Токмок шаарынын 37 жаштагы Н.С., 21 жаштагы Р.Б. аттуу тургундары жана Чүй районунун 18 жаштагы Н.А. аттуу жашоочусу болушкан. Алар Токмок шаарындагы такси кызматында иштешкени белгилүү болгон. Жаракат алган жарандардын ичинен Токмок шаарынын 37 жаштагы жашоочусу Н.С. оорууканадан эсине келбей каза болгон. Тергөө учурунда окуя кандайча болгону аныкталган. 26-декабрь күнү болжол менен саат 02:40 чамаларында такси кызматына чалуу болуп, кардарлар Чүй районундагы айылдардын биринде күтүп тураарын айтышкан. Такси кызматкери өзүнүн таанышы менен көрсөтүлгөн дарекке барган учурда бир топ балдар чогулушуп, айдоочуларга асылып, ичинен бирөөсү аларды ур-токмокко алып кирген. Ошол учурда таксист унаасындагы жардам чакыруу белгисин басып жиберген. Айдоочуларды арачалаган балдардын бирөөү аларды окуя болгон жерден качырган. Алар качып кеткен соң, жардам белгисин угуп, жалгыз такси кызматкери окуя болгон жерге жетип келип, ал балдардан катуу таяк жеп, ооруканага жеткирилген. Денесине алган оор жаракатынан улам айдоочу оорууканадан көз жумган.

Бул окуя Чүй районунун ИИБне катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыка атайлап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган. Чүй ОИИББнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Чүй районунун тургуну К.У. кармалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: