Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев жана Жогорку соттун судьясы Лепес Темирбеков Жалал-Абад областынын жергиликтүү сотторунда болуп, практикалык жардамдарын көрсөтүштү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Алар үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде областтын жергиликтүү соттору тарабынан каралган жазык иштери менен жакындан таанышып чыгышты.
Иш сапардын алкагында Жалал-Абад областтык сотунда жергиликтүү соттор менен жыйын өткөрүлүп, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген кодекстер жана мыйзамдар, жергиликтүү сотторду санариптештирүү, практикалык жардам көрсөтүү туурасында талкуу болду.
Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү соттордун судьялары практикада пайда болгон суроолорун Жогорку соттун судьяларына беришип, мазмундуу жоопторун алышты.
К.Бокоев Жалал-Абад областынын судьяларына иштерди кылдаттык менен карап, белгиленген мөөнөтүн, процессуалдык нормаларды сактоого, коррупцияга жол бербөөгө, адам укуктарын коргоого, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып баруусуна чакырып, иштерине ийгилик каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ