17-октябрда Медина административдик округунун аль-Акхаль айылынан зыяратка бараткан элди ташыган автобус жүк ташыган машине менен сүзүшүп калган. Бул тууралуу Сауд Аравиянын ММКлары жазып чыкты.
Автобуста араб жана Азия өлкөлөрүнөн келген жүргүнчүлөр бар экен. Автобуста өрт чыгып, 35 киши каза болду. Дагы төртөө оор абалда ооруканага жеткирилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ