Menu

Атамбаев баштады да утулду. Бул этапты артка калтырууга мезгил келип жетти…

Бөлүшүү:

Акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстан мурдагы жана азыры президенттин саясий чыр-чатагы менен алек болду. Айта кетсек, өлкөгө да, Атамбаевге да, Жээнбековго да мындай ызы-чуунун кереги жок эле. Ошентсе да чатактын болгону ырас жана ал өлкөгө таасир тийгизбей койгон жок. Ошондой эле чатакты Атамбаев баштаганы да эч кимге жашыруун эмес.

Кыязы Атамбаев ал кезде бул чатактын узакка созулган кесепеттери жана болуп жаткан окуялардын ал ойлогондон теңирден-тескери кетерин аңдабады окшойт. Бул өз кезегинде АША кээде эң сонун тактикада иш алып барганы менен ошол эле мезгилде эч нерсеге жарабаган стратег экенинин далилдегендей болду. Мына эми биз бул чыр-чатактын чечилишинин күбөсү болуп отурабыз. Жыйынтыгы – Атамбаев толук кандуу жеңилүү ызасын тартып отурат.

АША Жээнбеков менен чатакташа баштаганда алдына кандай максаттарды койду?

Жообу эң жөнөкөй – мурдагы таасирин кайтарып алып, бийликти колуна сактап калып, өлкөдөгү саясий процесстерди жана финансылык агымдарды башкаргысы келди. Анын өлкөнүн өнүгүүсү жана адилеттик үчүн деген жомогуна жаш балдар да ишенбейт. Же болбосо акча үчүн гана айрымдар ага ишенгендей тур көрсөтүшөт. АШАнын анткор жүзү элдин баарына эле эбак белгилүү. Башкасын айтпаганда да анын «мен президент катары өлкөнү электр жарыгысыз, жолсуз жана аскери жок алып, өнүккөн экономикасы жана эң сонун иштеген укуктук системасы менен өткөрүп бердим», деген сөзүнө ким ишенет? Же болбосо, Текебаевди түрмөдө туура эмес кармап жатат, укмуш сот реформасын ишке ашырып кеттим, өлкөгө Бабановду кайтарыш керек деген сөздөрүнө өзү дагы ишенбейт керек болсо.

Кээде анын көк беттиги менен калпын, тийиштүү деңгээлде сүрөттөп айтууга сөз табыш да кыйынга турат.

Өзүнө бийликти кайтарып алуу үчүн ал эмнелерге барды? Ал буга чейинки адатына салып, учурдагы бийликтин кадыр-баркына, имиджине шек келтирүүгө киришти. Ал өзүнүн адатынча президенттин кадыр-баркына шек келтирип, аны шылдыңдап, ага өзүнүн кетирген одоно каталарын оодара салып, президент жана анын жакындарына өзүнүн жеке менчик каналы, социалдык туйүндөр жана троллдор армиясы менен тонналаган «көө жабуу» менен алек болду.

Буга Жээнбеков кандай реакция жасады?

Эч кандай реакция жасаган жок. Жооп катары бир да абройго шек келтирген сөз айткан жок. Талашып-тартышып, каршылашынын адамдык беделин түшүрбөдү. Өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн кадыр-баркына шек келтирүүлөргө эч кандай расмий жооп бербеди. Чындап келгенде мындай сабырдуулук мактоого гана татыйт. Кыязы, Жээнбеков мурдагы президенттердин каталарынан сабак алды окшойт. Анткени алар өздөрүнө карата айтылган сынга ылайык келсе да, келбесе да реакция жасачу. (Башкасын айтпаганда да Атамбаев өзүнө карата сын айтылганда жооп иретинде сын айткан тараптын аброюна шек келтирип, сотко берип, миллиондогон доого жыгып, албууттанып кетчү).

Атамбаевдин айланасындагы бир нече «жан-жөкөрлөрүнө» коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иштери козголду. Фемиданын колу акырындык менен АШАга чейин жетти.

Жакын санаалаштары камакка алынганда Атамбаев аларды колдогон кескин билдирүүлөрү менен гана чектелсе, парламент анын экс-президент макамын ажыратып,
кылмыш жоопкерчилигине тартылуу коркунучу пайда болгондо гана, ал иш жүзүндөгү активдүү аракеттерге өттү. Акыры ал өзүнүн башкалардан эч кандай артыкчылыгы жок экенин түшүнүп, өзүнун кылган иштерине жооп берүүгө мезгил жеткенин сезгенде коркуу сезими пайда болду көрүнөт.

Атамбаев кандай аракеттерди баштады?

Мамлекет үчүн кооптуу болгон кыйратуучу-чагымчыл ишмердүүлүгүн баштап, өзүн мыйзамдан жогору койгусу келүүдө. Өзүнүн Кой-Таштагы резиденциясына бекинип алып, аны колдогон элдин артына жашынууда. Жөн жатпай регионалдык факторду козутуп, өзүнүн айланасына азыркы бийликке нааразы болгондорду топтоонун аракетин көрүүдө. Пиар-кампаниясын мурда болуп көрбөгөндөй активдештирди. Мындай аракеттер бир нече жумага эле созулду.

Андан соң адатынча эмоциялары суугандан кийин кырдаалды курчутууга кылган аракети майнапсыз болуп калганын түшүндү. Ошондо ал өзүнүн акыркы мүмкүнчүлүгүн колдонуп, мамлекеттин ичиндеги конфликтти сыртка чыгаруунун аракетин көрдү. Баса, бул жерде аргасыз жылмайтып ошол эле мезгилде боорду оорутканы – анын «мага Путин бир нече жолу чалып, келип кет деп чакырды» деген сөзү болду.

Түшүнгөн адамдарга, бул жерде АІІІА өзүнүн досу Бельянинов аркылуу «Москва мени такыр эле унутуп калбаса экен» деген аракетти болушунча көрдү. Москва чын эле аны такыр эстен чыгарып койбосо да, «бооруна кыскан» жок.

Мындай кадамга ВВП АШАнын досу болгону үүчн эмес, Кремль кырдаалга туура баа берип, психикалык саламаттыгы күмөн санаткан экс-президенттин айынан региондо кошумча көйгөйлөр жаралбашы үчүн барды. Мунун өзүн пенсияга кеткенден кийин Атамбаевдин бийликти кармап калуунун натыйжасыз амалынын жыйынтыгы катары да түшүнсөк болот.

Кремль болсо, АШАнын өтүнүчүнө рационалдуу жана кырдаалга жараша адекваттуу реакция жасады. Алар алгач учурдагы президент менен кеңешип, ар бир кадамын координациялап, андан соң гана түзүлгүн кырдаалды жеңилдетүү максатында АШАнын «кумарын кандыруу үчүн» аны маектешүүгө чакырышты.

Саясатты түшүнгөн адамдарга белгилүү болгондой, эгерде бийлик кырдаалды толук түрдө көзөмөлгө алып сүйлөшүүнүн жыйынтыктарын алдын-ала билбесе, АШАны жөндөн-жөн өлкөдөн чыгарып, кайра киргизишмек эмес. Эмне жөнүндө сөз болгону азыркы кезде баарыбызга белгилүү. Ал жерде эч күмөнсүз азыркы бийликти колдошуп, АШАга «демиңди бас, тынчтан» деген кеңеш айтышкан.

Атамбаев жана анын командасы популисттик адатын карматып толук жеңилген кырдаалды да өз пайдаларына буруунун аракетин көрүүдө. АШАга коопсуздук кепилдигин беришкен имиш. Ага түрмөдөн шопурларын, жансакчыларын чыгарып, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «жашыл жарык» жандырып берген имиш.

Бул жерде, «буудай менен кумду» бөлгөндөй эле маселе. Эч ким мыйзамдан жогору турбаш керек. Эгерде АШАнын жан сакчыларынын, шоопурларынын күнөөсү далилденсе, анда алар түрмөдө отурушу керек. Эч ким аларды бошотпош керек жана бошотууга да акысы жок. Эгерде чын эле алардын күнөөсү жок болсо, анда бошотуш керек. Муну сот гана ишке ашырат. Ал эми соттун жүрүшүнө Кыргызстанда элдин баары назар салып карап турат.

АШАнын физикалык жактан коопсуздугун азырынча эч ким деле бузган жок. Мындан ары бул өңүттө кандай иш-аракеттер болору АШАнын өзүнөн түздөн-түз көз каранды.

Анын Кой-Таштагы «кокуйлары» азыр кайра эле анын өзүнө негизги коркунуч болуп саналат. 2020-жылдагы шайлоолор тууралуу кеп кыла турган болсок, аларга эч ким эч качан «шайлоолорго катышпайсыңар» деп тыюу салган эмес. Эгерде колдорунан келсе, шайлоого катышууну кааласа, аларды эч ким «кой» дебейт. Анткени баарыбыздын укугубуз бирдей.

Президент Жээнбеков тууралуу кеп кыла турган болсок, анын токтоо, өзүн кармаган позициясы баарына эле жага берген эмес. Айрым кызуу кандуу адамдар андан кан төгүлсө да ыкчам аракеттерди талап кылып турган. Ошентсе да, азыркы кырдаал анын иш аракеттери абдан эле туура болгонун далилдеп турат. Эч кандай эмоциясыз, эч кимдин ар-намысына шек келтирбестен жана күч колдонбой эле кырдаалды Атамбаев өзүн-өзү «бурчка камаган» этапка алып келди.

Эми Жээнбековдун мүмкүндүктөрү абдан эле кеңейди. Ал күч колдонуп АШАны камакка алса да болот. Же болбосо, конфликтти басаңдатып, эч ким көңүл бурбай калган деңгээлге алып келсе да болот. Кааласа, өзүнүн айкөлдүгүн көрсөтүп (адатта мындай сапат саясатчыларда чанда кездешет) АШАны бир жарым жылдан берки кара өзгөй иштерине кайыл болуп кечирип койсо да өз иши.

Чечим президенттин колунда

Бирок, көп нерсе АШАга да байланыштуу болот. Анын акыл-эси популисттик албууттанган натурасын жеңеби же болбосо анын иш-аракетинин негизи болуп кала береби? Кептин баары ушуда.

Кандай болгон күндө дагы – акырында АША жеңилди

Ал каалаган нерсесине жеткен жок жана эч качан жетпейт. Бийлик жана таасир ал үчүн өткөн чакта калды. АШАга жана анын командасына карата кылмыш иликтөөлөрү токтобостон, мыйзам чегинде уланмакчы. Коомдук пикирди өз тарабына буруу анын колунан келген жок (чындап келгенде Кой-Ташта отурган жүзгө жакын туугандары менен колдоочуларын «элдик колдоо» деп айтууга мүмкүн эмес). Сырткы күчтөрдүн таасирине таянуунун жыйынтыгы айланып келип эле Атамбаевдин өзүн «жаакка чапкандай» болду. Алар Атамбаевге сылык-сыпаа түрүндө «ордуңду билип, демиңди бас» деген бир жактуу сунуш айтышты.

Биз азыр бир жыл мурда Атамбаев баштап бүгүн өзү жеңилүүгө дуушар болгон эч кимге керексиз акылга сыйбаган оюндун финалына күбө болуп жатабыз. Муну өзү түшүнөт болду бекен? Бул деле азыр маанилүү эмес. Анткени азыр анын башына кандай ойлор келбесин, андан эч нерсе өзгөрбөйт.

Өлкөгө азыр саясий жүрүм-турумдун башка багыттары жана башка үлгүлөрү керек. Президент Жээнбеков ушул тууралуу ойлонуп, ушул өңүттө иш алып баруусу зарыл жана Атамбаевдин эски пластинкасына алагды болбошу керек.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: