Menu

Теңирчилер кайрадан басма сөз жыйынын өткөрүштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-октябрда “Теңирчилик” уюмунун мүчөлөрү кайрадан “АКИпрессте” басма сөз жыйынын өткөрүшүп, Дин боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешовдун уюмдун каттоого арызы болбогон деген калп сөзүнө жооп айтышты.

Арсланбек Малиевдин айтымында, каттоодон өтүшсө, теңирчиликке берилгендер диний мүнөздөгү иш-чараларга катышып, эркин сыйынып, теңирчиликти үйрөткөн борборлорду ача башташмак экен.

Мамлекеттик комиссия менен биз соттошуп, алар утулуп калышкан. Бирок дале теңирчиликти дин катары каттабай жатышат. Биз Башкы прокуратурага кайрылганбыз, бирок бизди ИИМге жөнөтүшкөн. 2019-жылы апрелде биздин арызды катташты, бирок андан башка эч нерсе кылышпады”,-деди А.Малиев

Эске сала кетсек, кечээ, 17-октябрда «Теңирчилик» дин борборунун мүчөлөрү: Анарбек Усупбаев (“Манас Ордо” коомунун төрагасы), Кубан Тезекбаев (“Теңирчилик” дин уюмунун төрагасы), Арсланбек Малиев (экс-депутат, экономика илимидеринин кандидаты), Мелис Арып (жазуучу, Теңирчилик дининин дүйнөлүк борборунун башкы катчысынын милдетин аткаруучу) журналисттерге маалымат жыйын өткөрүшкөн.

16-октябрда, парламентте депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашкан. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов катышып, өлкөдө каттоодон өтпөгөн 20 экстремисттик уюм табылганын, теңирчилер диний уюм катары каттоодон өтпөгөнүн айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: