Орусиянын Хакасия аймагында бир келин күйөөсүн кызганып, беш айлык баласынын көзүн оюп салганы боюнча Орусиянын бардык ММКлары жазып чыгышты. Окуя 26-октябрда Таштып айылында болгон. 36 жаштагы эне күйөөсү менен чырлаша кетип, төркү үйгө жулунуп кирип, беш айлык эркек уулунун көзүн оюп салган. Азыр бала ооруканада. Энеси камакка алынып, алдында 10 жылга кесилүү беренеси турат. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ