Келээрки жылдан (2020-жылы 1-январдан баштап) ИИМ кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу ИИМ министри Кашкар Жунушалиев журналисттерге берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамы иштеп баштаган. Ошондой эле министр милицияларга компенсация төлөөдө да мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенин айткан. Мисалы буга чейин милиция кызматкери каза болгондо компенсация төлөнсө, эми жаракат алганда, майып болуп калганда төлөнөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ