Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы болуп, анда күн тартибине коюлган маселелер депутаттар тарабынан колдоо тапты.
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлердин тизмесин макулдашуу жөнүндө каралып, анда жалпы тогуз талапкердин алтоосу колдоо таап, ал эми үчөөсү мыйзамдын негизинде калтырылганы маалым болду. Ошондой эле Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгынын балансындагы кызматтык автоунаа жөнүндө, Жалал-Абад шаардык кеңештин 2015-жылдын 3-сентябрындагы кезектеги XXV сессиясынын №11 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө, коммуналдык чарба департаментинин базасындагы кызматтык автоунаа жөнүндө жана Чийбыл болуштун айкелин тургузуу жөнүндө маселелер каралып, күн тартибиндеги бардык маселелерди депутаттар бир добуштан колдоого алышты.
Сессияны шаардык кеңештин төрагасы Эрнисбек Ормоков жетектеп, жалпы 16 депутат сессияга катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ