Орусияда жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экендиги тууралуу бүгүн, 28-октябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, алар мындай маалыматты Новосибирск шаарындагы Башкы консулдуктун маалыматына таянып билдирген. 26-октябрда Алтай крайынын “Барнаул-Рубцовск” машина жолунун 74-чакырымында “Фиат Дукато” үлгүсүндөгү автобус менен “Ниссан” үлгүсүндөгү машина сүзүшүп. сегиз адам каза болуп, сегиз адам ар кандай жаракат алган. Алардын арасында Кыргызстандык жарандар жок болуп чыкканы бүгүн маалым болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ