Menu

Сапар Исаков сотто өзүнө коюлган дооматтарды мойнуна албай, танып жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш иши каралып, биринчилерден болуп Сапар Исаков суракка алынды.

Анда ал өзүнө коюлган дооматтарды мойнуна алган жок. Ал намысы тебеленип жатканын баса белгилеп, “Эгер менде бир нерсе болсо эчак эле табышмак. Эч нерсе табышкан жок. Ушундай мамиле менен намысымды тебелөөдө. Менин жакындарымдан досторума чейин текшеришти. Дагы жакшы, менин досторумдун эч кимиси бай эмес, болбосо алардын да мүлкүн камакка алышмак экен”, – дейт экс-премьер-министр.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, биртоп адамга кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Биримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: