Жогорку сот Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башкармалык жетекчиси Насирбек Алмаматовду эркиндикке чыгаруу боюнча шаардык соттун чечимин жокко чыгарды. Натыйжада Алмаматов боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими жокко чыгарылып, аны 12 жылга эркинен ажыраткан Октябрь райондук сотунун быйыл 25-марттагы чыгарган чечими күчүндө калды. Ошентип Жогорку соттун чечими менен Алмаматов кайрадан камакка алынмай болду. Бирок соттук отурумга айыпталуучу өзү келген жок. Ал саламаттыгы начарлаганы үчүн жараянга катыша албаганы айтылды. Жогорку соттун өкүлдөрү мыйзам боюнча тиешелүү органдар аны жакын арада камакка алуу керек экенин билдиришүүдө.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ