Бүгүн, 6-ноябрда Ысык-Көл жана Ош облусунун айрым жерлеринде оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Чыгышэлектр» жана «Ошэлектр» ААК билдирди.
Алардын айтымында, Ысык-Көл облусунда саат 9.00дөн 17.00гө чейин Чолпон-Ата шаарында (чыгыш бөлүгү), Темировка, Кашат, Фрунзе, Кутургу айылдарында электр жарыгы өчөт. Ал эми Ош облусунда саат 8.00дөн 17.00гө чейин Шарк, Бешбадам, Он-Адыр, Курбан-Кара, Ак-Колот, Жоош, Сары-Колот, Бирдик айылдарында электр жарыгы өчөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ