5-ноябрдан 6-ноябрына караган түнү тажик-өзбек чек арасындагы чек ара бекетине бет кап кийген куралчан кылмыштуу топ кол салган. Бул тууралуу «Спутник Тажикстан» агенттиги Тажикстан ИИМдин басма сөз кызматына таянып жазды.
Алардын айтымында, бет кап кийген жыйырмага жакын куралчан топ тажик-өзбек чек арасындагы Душанбеден 60 чакырым алыстыкта жайгашкан “Султанабад” отрядынын №4 “Ишкобод” чек ара бекетине чабуул коюп, беш автоматты алып чыгып кетишкен. Алар кирген учурда атышуу болуп, бир чек арачы менен милиционер каза болгон. Куралданган кылмыштуу топтун 15 мүчөсү курчоого алынып, ошол жерден жок кылынып, бешөө колго түшүрүлгөн. Бул окуя боюнча ыкчам тергөө тобу иликтөө иштерин баштаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ