Жалпыга маалым болгондой, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору үзгүлтүксүз семинар-тренингдерди өткөрүп, катышуучулардын мамлекеттик тил боюнча билимин жогорулатып келет. Бул туурасында аталган комиссиянын басма сөз кызматы жарыялады.
Жалпыга маалымдоо каржаттары коомдун күзгүсү болуп тургандыгына байланыштуу, Окуу-маалымат борбору бул ирет журналисттердин сабаттуулугун арттыруу максатында “Жалпыга маалымдоо каражаттары – сабаттуулуктун үлгүсү” аттуу семинар-тренинг өткөрүүнү мерчемдөөдө.
Семинар-тренингдин жүрүшүндө ЖМКдагы стилистика, котормо-терминология, журналисттик этика, орфоэпия, кыргыз тилинин жазуу эрежелери ж.б. темалар боюнча иш жүргүзүлөт.
Катышуунун каалагандар [email protected] дарегине кат аркылуу же 0551996517 номери аркылуу катталса болот.
Орду: К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын Ч.Айтматов атындагы залы (1-кабат).
Убактысы: 19-декабрь, саат 9:00-13:00
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ