«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эл алдында апрель революциясынын катышуучуларынын эмгегин жогору баалайт. Биз өлкөнүн келечеги үчүн өз жанын берген мекендештерибиздин жогорку баасы толук түрдө акталарына ишенебиз. Азыр Кыргыз Республикасы – демократиялуу башка мамлекет болду», —деди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев бүгүн, 7-августта, 2010-жылдын апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев Премьер-министрдин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын катышуучуларына эл алдындагы эмгеги үчүн Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырып, баарына тынчтык жана ийгилик каалады.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев «Мекен шейиттери», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель Баатырлары» жана «Апрель байрагы» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, ысымы жазылган сааттар менен сыйлап, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан бир катар активисттерге ыраазычылык жарыялады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ