Menu

Дарылоонун жаңы ыкмасы кургак учуктун эң татаал формасына чалдыккандарга андан арылууга үмүт берет

Бөлүшүү:

Июндун акыркы аптасында USAID менен Кыргыз Республикасы дарыларга кеңири туруктуулугу бар кургак учук (ДКТ-КУ) менен күрөшүүдөгү эбегейсиз жетишкендик жөнүндө кабарлашты. Дарыгерлер жаңы жекече дарылоо режимине өтүп, ДКТ-КУ дартынан айыккан эки бейтап тууралуу билдиришти. Бул окуя Кыргыз Республикасында ДКТ-КУ чалдыккан бейтаптардын 90% натыйжасыз дарыланып жаткан катаал кырдаалда өзгөчө мааниге ээ болду. Жакынкы айларда, мындан да көп бейтаптар дарылоосун аякташат. Алардын дарылануудагы ийгилиги көптөрдү үмүттөндүрүп турат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 18 ай мурда АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) менен бирге жаңы дарылоо ыкмаларын киргизген. USAIDдин Challenge TB долбоору аркылуу Кыргызстанда кыска жана заманбап дарылоо ыкмасы жана Бедаквилин, Деламанид аттуу жаңы дарылар киргизиле баштады.

Көп дарыларга туруктуу кургак учук (КДТ-КУ) жана кеңири дарыларга туруктуу кургак учукту (ДКТ-КУ) дарылоодогу буга чейинки колдонулган схемаларда, эки жылдын ичинде бейтаптар 14 600 таблетка ичип жана 240 ийне алышы зарыл болчу. Дарылоо узак жан татаал болгондуктан, КДТ-КУ менен ооруган бейтаптарды жарымы (56%) жана ДКТ-КУ менен жабыркагандардын ондон бири гана айыгышкан. Андыктан, көпчүлүк адамдар үмүтүн жоготуп, дарыланууга да аракет кылчу эмес.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму колдогон жаңы дарылоо ыкмасы кургак учуктун татаал формаларын дагы айыктыра алат. Бул методдор Бедквилин жана Деламанид препараттары менен күчөтүлгөн учурда, андан да күчтүүрөөк болот.

Бул Кыргызстанда кургак учуктун оор формалары менен жабыркаган жүздөгөн бейтаптардын үмүтүн арттырып жатат. Азыркы бейтаптардын айрымдары кайра-кайра пайда боло берген көзмөлдөн чыгып кеткен инфекциядан, ошондой эле мурдагы дарылардын терс таасирлеринен көптөгөн жылдар бою жабыркап келишкен. Азыр өлкө боюнча 350 бейтап жеке дарылоо схемасында, алардын 60% жаңы дарылар менен дарыланып жатышат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан дүйнө боюнча дарыларга туруктуу болгон кургак учуктун деңгээли эң жогору болгон өлкөлөргө кирет. Жаңы катталган учурлардын болжол менен 27% жана кайра пайда болгон учурлардын 60% дарыга туруктуу учурлар болууда. USAID менен Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учукка каршы бир нече долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын бири USAIDдин Challenge TB долбоору – ал аркылуу өлкөдө жүздөгөн өмүрдү сактап калууга мүмкүнчүлүк берген жаңы жана таасирдүү дарылоо ыкмалары жана дарылар ишке киргизилип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: