Menu

Кайра иштетүү тармактарына кан куюлабы?

Бөлүшүү:

КР Экономика министри А.Кожошевдин ЖМКларга берген маалыматына караганда бүгүнкү күндө Кыргызстандын өнөр жай тармагы алып жаткан кредиттин эң арзаны жылына 28 пайызды түзөт экен. Бул тууралуу ал “Кайра иштетүү өнөр жай тармагын өнүктүрүү программасы тууралуу өкмөттүн токтомун” аткаруу боюнча тааныштырып жатып билдирди.

Көрүнүп тургандай мындай жогорку пайыздагы кредит алып, кайра иштетүү тармагындагы кайсы бир ишкананы жандантып жибериш кыйын. Ошону менен өкмөт КР Экономика министри А.Кожошевдин оозу менен айттырып, токтомун токуп, Кыргыз-орус өнүгүү фондусунун каражатын ушул жакка жумшоону сунуш кылууда. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө мамлекет улуттук экономиканы чыңдоого бет албаса болбойт экен. Бул үчүн техникалык жабдууларды жаңыртуу, кредит берүүнү жакшыртуу, кесиптик кадрларды даярдоо, токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү зарыл имиш.

“Имиш” деп какшык жылдырып жатканыбыздын жөнү бар. Анткени өкмөт, анын экономика министри А.Кожошев бул маселеге келгенде саал кечигип калды. Убакыттан уттуруп коюшту. Ал эми министр мырза кайсы гана өкмөт болбосун биринчи күндөн улуттук экономиканы өнүктүрүүнү колго алышы керектигин эми эсине алып жатса керек. Айталы дегенибиз А.Кожошев бир жылга жакын иштеп, бирок аягында ызы-чууга малынып ыргып кеткен Т.Сариевдин өкмөтүнүн мүчөсү болчу. ЕАЭБге Т.Сариевдин өкмөтүнүн тушунда киргенбиз. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусу ошондо түзүлгөн. Эсибизде аталган фонд “кайсы гана тармак болбосун мыкты долбоорлорду алып келгиле, карап көрүп каржылап беребиз” деп кан-какшап айтып жатты. Министр А.Кожошев фонд түзүлгөн алгачкы күндөн ушул сөзүн айтып, “Кыргызстандын кайра иштетүү өнөр жай тармагын карабасак болбойт, арзан кредитиңерди ушул тармактарга бергиле” деп добулбас уруп чыкса жарашмак. Башкача айтканда өкмөт, Экономика министрлиги Кыргызстандын өнөр жай тармагын, анын ичинде кайра иштетүү тармагын Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эсебинен үстөгү төмөн кредиттик каржылоону биринчи күндөн колго алышы керек болчу.

Учурдагы ЕАЭБдин шартында дал ушул кайра иштетүү өнөр жай тармагыбыздын бечелдигинен Кыргызстан көп нерседен алдырып коюуда. Академик Жамин Акималиевдин “Жаңы Агымга” берген маалыматы боюнча кезегинде айыл чарба продукцияларынын 50 пайызга жакыны кайра иштетилсе, бүгүнкү күндө 10 гана пайызга жакынын иштетет экенбиз. (Алып айтсак, эттин  — 2 пайызын, картөшкөнүн — 1 гана пайызын, сүттүн -10 пайызы кайра иштетилет экен).

“Буга чейин эң биринчи менчигинин түрүнө карабай кайра иштетүү тармагын ирдентип алганыбызда ЕАЭБге кирген бүгүнкү шарттарда колду чөнтөккө салып ышкырып гана турбайт белек. Эми карап көргүлө. Кайра иштетүүнүн, сактоонун жоктугунан өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын 35 пайызы коромжуга учурап жатат. Кыргызстан боюнча жалпы алганда өндүрүлгөн продукциянын 50 пайызына жакыны эч кандай эффект бербей, бөөдө чыгымга учурап жатпайбы. Дыйкан-фермерлерибиз ушуну көтөрө алабы?” дейт академик.

Кыргыз Улуттук Статистика комитетинин маалыматына таянсак үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында ИДПга (ички дүң продукция) Кыргызстандын өнөр жай тармагынын кошкон салымы 16,9 пайызды түзгөн. Тагыраак айтканда, 2016-жылдын январь-апрель айларында ИДПнын көлөмү 108,5 млрд сом болгону менен, өткөн жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу 4,9 пайызга азайып кеткен. Азайып кетүүгө эң биринчи өнөр жай тармагы, транспорт жана жүктөрдү сактоо тармактары эбегейсиз “салым” кошуп жибериптир. Бир гана өнөр жай тармагын алсак, анын үлүшү 4,9 пайызга азайып кеткен. Муну менен эмне айткыбыз келет?! Кыргызстандын өнөр жай, кайра иштетүү тармагын камчылабаса болбой калыптыр дегенди айткым келип жатат.

Өнөр жай тармагы, анын ичинде кайра иштетүү тармагы кезегинде Кыргызстандын сыймыгы болчу. Булардын арасында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагынын орду өзгөчө. Дагы эле академик Ж.Акималиевдин маалыматына таянсак Кыргызстан учурунда бир гана кант кызылчасын иштетип, кумшекер менен бүтүндөй Орто Азияны камсыз кылып турчу экенбиз. Азыр кумшекерди 90 пайыз Белоруссиядан сатып алып, өзүбүз эптеп-септеп 10 пайызын өндүрөт экенбиз. “Я айланайын, башка жерди айтпайын Сары Өзөн Чүй кант кызылчасынын мекени эмес беле. Азыр 6 миң гектарга гана кант кызылчасы эгилет. Кезегинде 40 миң гектарга чейин айдалчу. Ушуну кур дегенде  25 миң гектарга жеткирип койсо Кыргызстан өзүн-өзү кумшекер менен камсыз кылбайт беле?! Бул үчүн болгону кызыктыруу гана керек. Учурда 1 кг кызылчаны 3 сомдон сатып алып жатышат. Кызылчаны таңдан кечке мээнет кылып, кулактан тартып өстүрөт. Бул баа дыйкандын мээнетин актабайт. Кур дегенде 6 сомдон алышпайбы” дейт академик.

Бул жерде баамдаган кишиге кайсы гана багытта болбосун Кыргызстандын кайра иштетүү тармактарын дагы да болсо жандандыруу потенциалы бар экендиги айтылып жатат. Демек, министр А.Кожошевдин “Кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү программасы тууралуу токтомун” аткарууда Кыргыз-орус өнүгүү фондусунун каражатын пайдалануу боюнча айткандары “эч болбосо да, кеч болсун” дегендей, туура кадам экени талашсыз. Муну кечиктиргенге болбойт.

Булак: “Жаңы агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: