Бүгүн, 2-ноябрда “Түндүк электр” ААКнын кызматкерлеринин тобу Өкмөт үйүнүн жанында ААКнын мурунку жетекчисин кайтарып берүүнү талап кылып митинг өткөрүп жатышат.
“Биз тынчтык митингине чыктык. Эгерде биз жооп албасак, анда иштебей калабыз. Энергетиктердин эмгеги кооптуу болсо дагы, биздин эмгегибиз бааланбайт”, – дешти компания өкүлдөрү.
Азыркы учурда митингге чыккандардын саны болжол менен 30-40 адам.
Буга чейин, 29-октябрда “Түндүк электр” ААКнын бир катар кызматкерлери ушул маселе боюнча маалымат жыйынга катышкан. Алар Доскул Бекмурзаевди кызматта калтырууну суранышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ