Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн сайты жарыялады.
“Акыркы жылдары кытай-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүнүн туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүшү байкалууда. Мен биргелешкен «Бир алкак – бир жол» долбоорлорун алдыга жылдыруу жана кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүнө түрткү болуп, эки элдин жыргалчылыгына шарт түзгөн өндүрүштүк кубаттуулуктарды жылдырып, жайгаштыруу сыяктуу иштерде Сиз менен тыгыз кесиптештик мамилени, жеке достукту орнотууга даярмын”, – деп куттуктоодо белгиленет.
Куттуктоо телеграммасында Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян Премьер-министр Сапар Исаковго бекем ден-соолук, тынчтык жана жогорку мамлекеттик кызматта мындан ары да ийгиликтер коштоп жүрүүсүнө тилектеш экендигин белгилеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ