Menu

Шайлоонун жыйынтыгынан кийин “Мекеним Кыргызстан” партиясы билдирүү таратты

Бөлүшүү:

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо болуп өттү. Алардын жыйынтыгынан кийин “Мекеним Кыргызстан” партиясы билдирүү таратты.

«Бул биздин өлкө үчүн маанилүү тарыхый этап, биз аны татыктуу өттүк. Шайлоо өнөктүгү жогорку саясий атаандаштыктын шартында өттү. Муну катышуучулар дагы, байкоочулар дагы эч кимисиз белгилешти. Албетте, мыйзам бузуулар болгон, бирок натыйжага таасирин тийгизе алган жок», – деп эсептейт партия.

Бирок, ошого карабастан, 4-октябрдагы парламенттик шайлоо менен Кыргызстан дүйнөгө дагы бир жолу демократиянын жана сөз эркиндигинин үлгүсүн көрсөттү деп баса белгилөө керек. Ал биздин татаал, авторитардык аймакта деле таза шайлоо мүмкүн экендигин көрсөттү.

Партия “Мекеним Кыргызстан” өзүнүн жеңиши менен сыймыктанарын, бирок аны чоң жоопкерчилик катары кабыл алаарын белгиледи. «Биздин жеңишибиз – өлкөдөгү ыкмалар жагынан радикалдуу эмес, конструктивдүү өзгөрүүлөрдү каалаган күчтөрдүн жалпы жеңиши. Биз сиздердин жеңиңиздерди түрүп, өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн иштейбиз деп убада беребиз», – деп белгиледи саясий уюм.

«Шайлоо өнөктүгүнүн бардык катышуучулары үчүн эң башкысы – Кыргызстандагы туруктуулук жана тынчтык. Кыргызстан эли өз сөзүн айтты, муну таануу жана урматтоо керек”, – деди партия жана колдоо үчүн баарына ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: