Ош шаарындагы З.Бабур атындагы өзбек Академиялык драма театрында облус аймагындагы турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Курбан айтка карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарада Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жалпы катышуучуларды кирип келген Курман айт майрамы менен куттуктап, айт майрамынын өзгөчөлүгү боюнча айтып берди. Андан соң бардык чакырылган жарандарга казыяттын атынан азык-түлүк түрүндөгү жардамдар тапшырылды. Жалпысы ар бир жаранга 10 кг ун, күрүч, макарон, чай, туз, кумшекер, май тапшырылды. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөөлөрдү аныктоодо жана топтоо иштерин “Ош Коогалаңы” коомдук бирикмеси уюштурган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ