Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов кыздуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда анын кеңешчиси Урмат Усенов Instagram баракчасына жарыялады.
“Эл-журт сүйүнчү! Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кыздуу болду. Ак батаңыздарды бериңиздер!
Урматтуу Азамат Капарович, кырк жылкы кут болсун! Өмүрлүү, ыймандуу, ырыскылуу, Алланын сүйгөн пенделеринен болсун! Сыйлайм, урматтайм”, – деп жазган ал.
Азамат Жамангулов 2018-жылы үйлөнгөн, анын жубайынын аты Нуржамал Мамбетова.
https://www.instagram.com/p/CFdt3lUA6mm/?igshid=1vqken7czjrqr
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ