Түркия мамлекети кыргызстандык кыз-келиндер тобун депортациялады. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда “Анадолу” кабар агенттиги маалымат таратты.
Алардын маалыматына караганда, кечээ, 5-ноябрда Түркиянын Грузия менен чектешкен Артвинде полиция “сойкулук” беренеси боюнча 33 чет өлкөлүк кармалып, алардын 12синде жугуштуу оору бар экени аныкталып, аларды өз мекенине жөнөтүлгөнү жазылган. Алардын төртөө кыргызстандыктар болуп чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ