«Кыш болбойт» деген фраза менен коомчулукка белгилүү болгон Арстанбек Алай президенттикке ат салышмакчы болуп турат. Буга чейинки президенттик шайлоого да катышып, кыргыз тилинен экзамен тапшырганда катасы какачтан көп чыгып уят болгон жайы бар. Теледебатта болсо контрабанда менен бензин ташып байыганын мойнуна алган. Мына ушул Арстан Алай бул жолку шайлоодо да өзүнүн бактысын дагы бир ирет сынап көргүсү келип желпинүүдө. Эң эле кызыгы ал: «Президенттик менин шансым эмес, кыргыз элинин шансы»,- деп элдин оозун ачырды. Буга байланыштуу айрымдар «келгиле шансты кетирбей шайлап алалы» дешип шакаба чегип, келеке кылышууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ