Menu

Дастан Бекешев, ЖК депутаты: “Садыр Жапаров премьер-министр эмес. Алгач көпчүлүк коалициясы түзүлүп, анын лидери шайланышы керек”

Бөлүшүү:

“Садыр Жапаров премьер-министр эмес. Көпчүлүк коалициясы талапкерди көрсөтөт, ал эми ЖКнын комитети карайт” – деп билдирди бүгүн, 7-октябрда депутат Дастан Бекешев Twitter социалдык тармагындагы баракчасында.

“Биринчиден, көпчүлүк коалициясы түзүлүп, анын лидери шайланып, андан кийин гана премьер-министр болуш керек”  – деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 6-октябрда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттары эки башка жерге чогулушкан.

“Достук” мейманканасында: Аида Касымалиева, Умбеталы Кыдыралиев, Кожобек Рыспаев, Алмазбек Акматов, Алмазбек Токторов, Мирлан Бакиров, Талант Мамытов, Мыктыбек Абдылдаев, Курманкул Зулушев, Тариэль Жоробеков. Алар Садыр Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуусуна макулдук беришкен.

Ал эми Жапаровдун талапкерлигине каршы болгон депутаттар: Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев, Альфия Самигуллина, Асель Кодуранова, Абдывахап Нурбаев ж.б. “Кино” үйүнө чогулулшкан.

Эсиңиздерге сала кетсек, 5-октябрда Бишкекте Ала-Тоо аянтына парламентке кирбей калган партиялардын миңдеген тарапкерлери чогулушту. Алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышты. Ал күнү кечинде митингди таркатуу аракети көрүлгөндө, митингчилер коопсуздук күчтөрү менен кагылышты. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдүн имаратын басып алышты.

Андан кийин алар УКМКнын имаратына барып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камактан бошотушкан. Ошондой эле, Садыр Жапаров, Сапар Исаковдор ж.б. да бошотулган. 6-октябрь эрте менен демонстранттар өкмөт үйүн басып алышканы белгилүү болду. Митингчилер ошондой эле Кыргызстандын экс-премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевди да колониядан бошотушту.

КР Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүн Бишкек шаарынын коменданты жана ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу деп атады. Мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгону айтылып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бирок, кийинчерээк генпрокурордун милдетин аткаруучу болуп Сыймык Жапыкеев тандалган. Кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Бийлик алмашуу республика боюнча жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: