Волейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Азия чемпионаты бүгүн, 8-ноябрда Дакка (Бангладеш) шаарында башталды. Мелдешке катыша турган он эки волейболчу кыз учуп кетти. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги бүгүн билдирди.
Алардын айтымында, 15-ноябрга жыйынтыктала турган чемпионатка он эки кызды машыктыруучулар Абдухамид Айсаходжаев менен Кылыч Сарбагышев жана калыс Нурбек Калыков коштоп кеткен. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 627 миң сом каралган.
Мелдешке катыша турган кыздарыбыз: Айдай Кадырова, Мадина Мирлан кызы, Алия Шумкарбекова, Бурулсун Шарапидинова, Алина Гаркушина, Камила Оморбекова, Марсель Мамытова, Наргиза Акматова, Алтынай Самат кызы, Огулай Кудайкулова, Анастасия Горлова, Алина Петренко.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ