Бул тууралуу 11-ноябрда КРнын экономика министрлиги билдирди. 2019-жылдын 11-ноябрынан 17-ноябрга чейин Кыргызстанда “Жашыл экономика – Күчтүү аймактар – Өлкөнүн туруктуу өнүгүшү” деген аталышта Жашыл экономика жумалыгы өтмөкчү. Жашыл экономика – бул экономикалык илимдеги багыт, анда экономика табият чөйрөсүнүн негизги өзөгүнө көз каранды экени айтылат. Бул региондорду өнүктүрүүгө өбөлгө болуп берет.
Бул жумалыкта республика боюнча бир нече иш-чаралар өткөрүлүп, жашыл экономиканы алдыга жылдыруу боюнча семинарлар, тегерек үстөлдөр, тренингдер, практикалык жолугушуулар болмокчу. Кыргызстан жашыл экономиканын 95% ресурсун пайдаланат экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ