Президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылып, мүлктөрү камакка алынып, 160 миң айып пул салынган эле. Сот өкүмү 30-октябрда чыккан. Өкүмдү Бишкектин Октябрь раойндук соту Дамирбек Назаров чыгарган.
Мындан тышкары жабырлануучу Николай Грамовичке – 10 млн 397 миң 235 сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. Бирок өкүмгө ылайык Илмиянов менен анын туугандарынын кээ бир мүлктөрү камактан чыгарылган. Ошол мүлктөрдүн тизмесин беребиз:
1957-жылы туулган Саттар Илмияновдун мүлкү:
– Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылындагы Шоро көчөсү,10 дарегиндеги турак үй;
– ошол эле айылдагы жер тилкеси;
– ошол эле айылдагы айдоо жерлер;
– ошол эле айылдагы кайрак жерлер;
– ошол эле айылдагы көп жылдык өсүмдүктөр;
– ошол эле айылдагы Шоро көчөсү, 8 дарегиндеги жер тилкеси.
1956-жылы туулган Урулха Илешовна Илмиянованын мүлкү:
– Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр.
1977-жылы туулган Айсулуу Саттаровна Илмиянованын мүлкү:
– Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр.
1986-жылы туулган Искендер Саттарович Илмияновдун мүлкү:
– Баткен облусунун Исфана шаарындагы Чыгыш көчөсү, 96/2 дарегиндеги турак үй.
1981-жылы туулган Раимжан Саттарович Илмияновдун мүлкү:
– Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылындагы айыл-чарбачылыкка багытталган жер тилкеси.
Камакта кала турган мүлктөрдүн тизмеси:
1975-жылы туулган Икрамжан Саттарович Илмияновдун мүлкү:
– Бишкектин Ак-Өргөө конушундагы Таш-Рабат көчөсү, 1 дарегиндеги жер тилкеси;
– Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр;
– 2007-жылы чыккан «Лексус LX 470» автоунаасы;
– Сокулук раойнунун Студент айылындагы Артезиан көчөсү, 6 дарегинде катталган «Азияагро экспорт» ЖЧКсы;
– Бишкектеги Баба-Ата көчөсү, 88 дарегиндеги “Аброр” чайканасы;
– Шопоков шаарчасындагы Машиностроительная көчөсү, 1 дарегиндеги жер тилкеси;
– Шопоков шаарчасындагы Машиностроительная көчөсүндөгү картон чыгарган заводу;
1983жылы туулган Айбарчын Саттаровна Илмиянованын мүлкү:
– Сокулук районунун Фрунзе айылындагы айдоо жерлер;
– ошол эле айылдагы айдоо жерлер;
– ошол эле аййылдагы айдоо жерлер.
1988-жылы туулган Зулхайнар Саттарович Илмияновдун мүлкү:
– Сокулук районунун Фрунзе айылындагы айдоо жерлер;
– Бишкектин Ак-Өргөө конушундагы Ак-Өргөө көчөсү, 83 Д дарегиндеги жер тилкеси
Анаргул Камалдиновна Шамурзаеванын мүлкү:
– Бишкектин Чүй проспектиси, 245/1 дарегиндеги №9 батир;
– Бишкектин Чүй проспектиси, 245/1 дарегиндеги автоунаа токтотуучу жай жана №16 батир.
1971-жылы туулган Абдугапар Абдиадыевич Шамурзаевдин мүлкү:
– Сокулук раойнунун Студент айылындагы Разное көчөсүндөгү мал чарбачылык үчүн ылайыкталган жер тилкеси.
1979-жылы туулган Абдиманап Ташимбетович Бекматовдун мүлкү:
– Сокулук раойнунун Студент айылындагы Разное көчөсүндөгү атканага ылайыкталган жер тилкеси.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ