Дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Алтынбек уулу Эржигит табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Чүй облусунун ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, 15-ноябрда Эржигитти милиция таап, профилактикалык баарлашуу жүргүзгөн. Анда ал 3 ай бою Чоң Кеминдеги досунун үйүндө жүргөнүн айтып берген. Ал ата-энесине аман-эсен өткөрүлүп берилди.
Эске сала кетсек, Алтынбек уулу Эржигит августта дайынсыз жоголгон. Сокулук районундагы ички иштер бөлүмүнө туугандары анын жоголгонун билдирген. Алар өспүрүм баланын Сокулуктагы Киров көчөсүндөгү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтпай калганын жана ал мурда үйүнөн эч жакка чыкпаган тартиптүү бала болгонун айтып беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ