Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичирайонундагы караоке-клубунун жанында мушташ болгонун Бишкек шаардык милициясы тастыктады.
Алардын билдирүүсүнө караганда, балдардын массалык мушташы 19-ноябрда, түн ичинде Чыгыш-5 кичирайонундагы караоке-клубунун жанында болгон. Ал жерде топ балдар мушташып жатканы тууралуу маалымат 102 номерине 19-ноябрда, түнкү саат 2:57де келип түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул милициясы барып, эч кимди таппай калган. Бирок, издеп жүрүп, ошол жактагы үйлөрдүн биринен таяк жеген 23 жаштагы К.И. баланы таап, дарыгерлерди чакырган. Мушташтан жаракат алган бала Улуттук госпиталга жеткирилген. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбашчылык”) боюнча каттоого алынып, иликтөө иштери башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ