20-ноябрда Бишкектин Свердлов районунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж.Назаровго, Т.Бримкуловго карата кылмыш иши каралууда.
Сот материалдарды изилдөөнү улантууда. 12.00дө негизинен буга чейин түшкү тыныгуу жарыяланып келген. Бирок сот Инара Гилязетдинова сот отурумун улантууну туура көрдү.
“Бул эмне деген фокус? Мен каршымын. Бул биздин мыйзамдуу укугубуз”, – деп Сапар Искаков чамынып алды.
“Аыйыпталуучулар бизде жарым жылдап эч жакка барбай олтурат, ушул жактан эле түштөнүшөт”, – деди сот.
С.Исаков 10 айдан бери процесс бир калыпта өтүп, 12:00дөн 14:00гө чейин тыныгуу болгонун айтты эле, сот убакытты өзү коерун айтып: “Олтуруңуз! Же болбосо соттон чыгарып жиберем!” – деп ачууланды.
Андан кийин сот материалдарды окуганын улантты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ