Англис тили боюнча бүткүл дүйнөлүк Hippo олимпиадасына катталуу ачылды. Ага 9 жаштан 18 жашка чейинки окуучулар (3-11-класстар) катыша алышат.
HIPPO – бул эл аралык олимпиада, дүйнөлүк сүйлөшүү тили катары англис тилин жайылтып, мугалимдер ортосундагы эл аралык кызматташууну өнүктүрөт.
Кыргызстанда Steppe Learning KG англис тилинин курстарына каттоо 1-ноябрдан 1-февралына чейин өтмөкчү.
Олимпиада үч этаптан турат:
1-тур – февраль. Кыргызстанда өтөт.
2-тур – март. Кыргызстанда өтөт.
3-тур – май. Италияда өтөт.
Эсиңерде болсун: Hippo финалга катышуучулардын үч күнүн мейманканада жашаганын тамак-ашы менен бирге төлөп берет.
Суроолор боюнча WhatsApp чатына жазсаңыздар болот: 0556 602 229. Олимпиадага катталуу – 1000 сомов.
Бардык катышуучулар сертификат алышат. Көптөгөн билим берүү сыйлыктары да каралган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ