Бул тууралуу 20-ноябрда ЖК депутаты Тазабек Икрамов (“Өнүгүү-Прогресс”) сунуш кылды. Бүгүн парламентте жергиликтүү кеңештердин депуттары жөнүндө мыйзамдар каралды. Т.Икрамовдун сунушуна мыйзам долбоорнунун демилгечиси Акылбек Жапаров (“Бир бол”) жооп берип, жергиликтүү бүджеттен бөлүнсө гана мүмкүн экенин айтты.
Депутат Т.Икрамовдун “жер бөлүштүрүүдө жергиликтүү кеңештин чечими эске алынышы керекпи?” деген суроосуна А.Жапаров бул боюнча жергиликтүү кеңештин өз укуктары бар экенин айтты.
“Айыл өкмөтү, акимиаттар бири-бирин көзөмөлгө алган механизмдерди жакшылап иштеп чыгыш керек. Антпесек, эртең бири-бири менен соттошуп олтурса кандай болуп калат”, – деди Т.Икрамов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ