Menu

Бишкекте кафедеги дааратканада аялын мыкаачылык менен сабаган деп шектелген адам кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте кафедеги дааратканада аялын мыкаачылык менен сабаган деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя 11-сентябрь күнү кечинде борбор калаанын “Алмалуу” кафесинде Муса Жалил жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Мекемеде аялы курбу кызы менен эс алып жаткан. Бир убакытта анын жолдошу келип, дааратканада сабап, андан соң милиция келгиче качып кеткен.

Окуядан кийин жаракат алган аял милицияга жеткирилген, бирок ал арыз жазуудан баш тарткан. Бирок, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси боюнча катталган.

Бир күндөн кийин милиция кызматкерлери 1989-жылы туулган шектүүнү кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: