Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын үч жылдык кызмат мөөнөтү ушул жылы аяктайт. Анын тушунда сот адилеттигине, коррупцияга байланыштуу доомат күчөдү жана президент Сооронбай Жээнбеков эми мындан ары судьялар чыгарган чечимдерге кийлигишээрин эскертти. Өткөн жылдын этегинде Айнаш Токбаева Сөз эркиндигин коргоо комитетинин “сотторду чөнтөккө салып бергени үчүн” деген какшык сыйлыгына да татыган болчу.
Айнаш Токбаева 2013-жылга чейин адвокат, Ош арбитраждык сотунда жана Ош облусунун экономикалык иштер боюнча район аралык сотунда судья болуп иштеген. Жогорку сотто 2013-2015-жылдары судья болгон жана ошол жылы үч жылдык кызмат мөөнөтү бүткөн Феруза Жамашеванын ордуна Жогорку соттун төрайымы болуп шайланган.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ