«Санариптик технологиялар» («Цифровые технологии») коому «Апрель» жана 7-телеканалды эфирге чыгууга уруксат берген чечимин чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда телеканалдардын журналисттери социалдык тармакка жазып чыгышты.
Алардын айтымында, «Апрель»телеканалы 26-ноябрдан тартып эфирге чыга баштаса, 7-канал жакында чыгат.
«Санариптик технологиялар» коомунда аталган эки каналды кошкондо 21 телеканал бар.
Эске сала кетсек, 8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаев колго түшүп, камалгандын эртеси 9-августта, ИИМ соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка алган. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти «Апрель» каналы оор кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камакка алынганын билдирген. «Апрелдин» юристтери Биринчи май райондук сотко арыз менен кайрылганда, ал канааттандырган эмес. «Апрель» телеканалы абактагы Алмазбек Атамбаевге таандык.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ