Factcheck.kg долбоору кыйталык бизнесмен, Абдыкадыр кланынын башчысы – Хабибула Абдыкадыр менен экс-президент А.Атамбаев жана жубайы Раиса Атамбаева үчөө чогуу түшкөн фотосүрөттүн чындыгын текшерип чыгышты.
Белгилей кетсек, соцтармактарда кээ бир колдонуучулар “жасалма сүрөт экен” деп чыгышкан: кээ бирлери А.Атамбаевдин мойну жасалганын байкаса, кээ бирлери колун, үчүнчүлөрү Раиса Атамбаеванын башы башка сүрөттөн алынган дегендей шектенишкен.
Бул фотосүрөттү анализ кылуу үчүн Adobe Photoshop редакторун жана Forensically акысыз ондайн-сервиси пайдаланды, анда графикалык редакторлорсуз эле сүрөттү сапаттуу анализден өткөргөн көптөгөн алгоритмдер бар.
- Түпнуска фотосүрөттү издөө
Издөө системаларынан коллаждын негизи боло ала турган ушуга окшош сүрөттөрдү тапканга аракет кылат – жыйынтык берген эмес. Яндекс менен Гугл сүрөткө эч тишеси болбогон сүрөттөрдү гана көрсөткөн. Tineye.com сервиси бир дагы окшош сүрөт таба алган эмес.
Бүтүм: Демек, бул сүрөт интернетте жакында эле пайда болгон, индекстен өткөн эмес.
- Түстөрдүн коррекциясы
Түскоррекциясынан фотомонтаж учурунда жашырган деталдар сүрөттөн көрүнүп калат. Жарыгы, контрасты жасалма жерлерди дароо байкайт. Чеберсиз колдонуучулар “кошулган жерлерин” жарыгыраак же караңгы кылып коюшат.
Бүтүм: Андай жерлер байкалбады.
- Түстү жөнгө салуу
Эгерде түс катмарын жана жыштыгын өзгөртсө, жасалма кошулган жерлер аныкталат.
Бүтүм: Бул сүрөттө ар кандай жыштыктагы режимдерде андай жерлери байкалбайт.
- Ката кетирүү деңгээлине анализ (Error Level Analysis, ELA)
Сүрөткө туура келбеген элементтерди табуунун кошумча ыкмасы. Кайсыл бир деңгээлде башка сүрөттүн кошулганын башка деңгээлде кысуу жолу менен аныктайт.
Бүтүм: Бул сүрөттө андай элементтер байкалбайт, колдонуучулар айткан өзгөчө “маселе жараткан” жерлеринде бардыгы бирдей. Бирок сүрөттүн жогорку жагы менен төмөнкү жагы айырмаланып турат, бул өзгөрүү сүрөткө автор тарабынан кийин кошулгандай.
- Чыбырчык деңгээлине анализ
Бул анализ түпнуска сүрөттөгү “чоочун” элементтерди дароо табат: сүрөттүн өзгөргөн жерлерин, элементтерди кайталоону, кылкалемди пайдаланууну көрсөтөт.
Ар бир сүрөттө – чыбырчык бар, түпнуска сүрөттө ал чыбырчыктар өзгөчө нукка ээ, ал фотосүрөт тартылып жатканда жаратылат.Графикалык редакторлор андай чыбырчыктарды жарата албайт, болгонун гана пайдаланып, өзгөртүп кое алат.
Бүтүм: Сүрөттө түпнуска чыбырчыктардын бузулганы байкалбайт.
- Жарыктандыруу градиентине анализ
Бул ыкма менен жарыктын түшкөн багыты аныкталат. Фейк-сүрөттөрдү жаратканда кошулган элементтер көлөкө, ретуштарды калыпка салууда өзгөрөт, 100 пайыз дал өзүндөй кылууга мүмкүн эмес. Анализ дал ошол жарыктардын беришилишин аныктайт.
Бүтүм: Фотосүрөттө андай жерлери табылбады.
Демек: Фотосүрөттү анализ кылуунун негизги ыкмалары менен А.Атамбаев жана Хабибула Абдыкадырдын кучакташып түшкөн сүрөтүндө монтаждын элементтери байкалбады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ