Бүгүн, 29-ноябрда Ош шаарында 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого карата мыйзамдагы толуктоолор жана өзгөртүүлөр боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарындагы акимияттын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, жыйынга Жогорку Кеңештин жана Ош шаарынын депутаттары, Ош, Жалал-Абад облусунун өкүлдөрү, айыл өкмөтү жана БШК төрайынын орун басары Абдыжапар Бекматов катышкан. Анда депутат Айнуру Алтыбаева сөз сүйлөп, парламенттик шайлоо боюнча мурунку, кийинки мыйзамдардын айырмасын түшүндүрүп берген.
Депутаттын айтымында, ушул жылдын 8-августунда президент Сооронбай Жээнбеков бир катар мыйзамдарга кол койгон. Анын ичинде парламенттик шайлоодогу гендердик укуктун сакталышы да бар. Тагырагы, депутаттардын 30 пайызын милдеттүү түрдө аялдар түзүшү керектиги мыйзамда жазылган. “Азыркы мыйзам боюнча, эгер аял киши депутаттык мандатын тапшырып кетсе, анын ордуна кайра эле аял келет. Эркек мандатын тапшырса, анын ордуна эркек келет. Мурдагы мыйзамдагыдай эмес, мисалы, мурда ким кетсе, анын ордуна тизмедеги адам депутат болуп келчү. Азыр андай эмес“,-деди А.Алтыбаева.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ