Жогорку Кеңештин бүджет жана каржы боюнча комитети 2-декабрындагы жыйынында “2019-жылдын 10-сентябрында кол коюлган “Айыл жерлеринде суу менен камсыз кылуу жана санитария системасын өнүктүрүү” долбоору боюнча Кыргыз Респубоикасы менен Сауд фондунун ортосундагы кредиттик келишимди ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун колдоп берди.
Пардаменттин басма сөз кызматы билдиргендей, Келишим алкагында Сауд Аравиянын өнүктүрүү фонду 1%дан 25 жылга 30 млн доллар бөлөт. Бул долбоор ишке ашса, Баткен менен Талас облусунун 146 миң тургуну таза суу менен камсыз болот. Ошондой эле инфекциялык оорулар кыскарат деген үмүт бар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ