Бүгүн, 4-майда белгилүү болгондой мурунку Конституциялык палатанын соту Клара Сооронкулова “Республика” гезитинин “Говорим” ток-шоусунун алып баруучусу болуп иштей баштады.
Гезиттин видеоформаттагы бул ток-шоусун буга чейин журналист Махинур Ниязова алып барып жүргөн. Бирок өткөн жумада Махинур Ниязова өзү мурда иштеп кеткен 24.kg маалымат агенттигине кайра кайрылып кеткендиги белгилүү болгон.
Клара Сооронкулова кесиби боюнча юрист, 2015-жылы Конституциялык палатанын соту болуп иштеп жүрүп, шайлоолорго биометрикалык системанын мыйзамсыз киргизилип жатканына каршы болуп, кызматынан кеткен. Андан кийин коомдук-саясый жумуштар менен алектенип, өзгөчө укук коргоо жаатында активдешкен. Быйыл 1-мартта Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясынын Аткаруу комитетинин катчысы болуп шайланган.
Бүгүн, 4-майдагы биринчи ток-шоусуна Клара Сооронкулова жаш саясатчы Адил Турдукуловду чакырып, анын өлкөдөгү коомдук-саясый ишмердиги боюнча “терисин тескери сыйрууга” аракет кылып көрдү. Ал канчалык деңгээлде ишке ашканын төмөнкү видеотасмадан көрсөңүздөр болот.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ