Menu

Болот Назаров: “Балким Аалы, Жеңишбек агайлар жок биринчи орунду алып калдым”

Бөлүшүү:

Экинчи Көчмөндөр оюнун алкагында Кырчын жайлоосунда болуп өткөн айтыштан биринчи орунду алган жаш төкмө акын Болот Назаров редакциябызда конок болду. Жаш талант үй-бүлөсү, өнөрү, максаттары туралуу ойлору менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп берди

Өзүмдүн атым Болотбек

Өзүм Нарындын кулуну болом. Азан чакырылган атым Болотбек. Бирок кичинемден бери эле “Болот, Болот” деп жүрүшүп Болот болуп калдым. Нарын сууну бойлой кеткен айылдардын эң акыркысында, Таш-Башат айылында өсүп чоңойдум. 11-классты бүткөндө элдин көчү менен мен дагы шаарга келип искусство институтуна тапшырып, ал жакта актер бөлүмүндө беш жыл окудум. Окуп жүргөндө Садык Шер Нияз түптөгөн “Айтыш” фондуна барып, акындар менен айтышып, устаттардан сабак алдым.

Чоң атамдын ырлары акындыкка жол ачты

Акындык өнөрдү табият же талант деп коёт. Балким бул Кудайдын белегидир. Бул өнөрдү дагы жөн бербей, сынап берет тура. Сен муну кандай аздектейсиң? Түбүнө суу куюп өстүрүп аласыңбы, же ала көөдөк болуп жүрүп өлтүрүп аласыңбы? “Мен сага ушундай нерсе бердим, сен аны кандай пайдаланып, элге кандай таруулайсың” деп Кудай Таалам мага ыроолоп койсо керек. Мен чоң атамдын атынан Назаров болуп жүрөм. Чоң атам өзү санжырачы болгон экен. Боогачы атабыз менен чогуу сүргүнгө айдалыптыр. Ошондуктан анын ырларын жатка билчү. Мен да кичине кезимде чоң атамдан көп ыр жаттап алгам. Кийин унутуп калган жерлерин бул жери мындай болуш керек эле деп өзүм кошуп жүрүп, ырга болгон шыгым ойгонгон экен.

Элмирбек Иманалиев 10-планетам

Устатым Элмирбек Иманалиев. Мен аны аң-сезимдин доктуру, 10-планетам деп коём. Ал төрт аягы төп жорго. Мен акындык бир өнөрдү аркалап жүрсөм, ал жети өнөрдү аркалаган киши. Колуна 20-апрель күнү Амантай агабыздын туулган күнүндө барыптырмын. Бара жатканда өзүмчө сүрдөп, беш жолу эшигин ачып жаап, артка кетип, кайра келип олтуруп араң киргем. Барганда эле Амантай агабыз менен айтышып калдым. Ошондон баштап аралашып жүрөм. “Айтыш” фонддо жүргөнүмө 6-жыл кетип жатат. Дагы эле сабак алып, окуп жүрөм. Акындык өнөр башка өнөрлөрдөй эле кажыбаган мээнетти талап кылат. Бул өнөрдө айта кетчү дагы бир нерсе бар. Төкмө акындыкта бир пайыз талант, анан көбүрөөк сезим керек.

Китепкана – экинчи үйүм

Бирөө велосипед жасаса биз аны туурабай, кайра ага дагы эки дөңгөлөк кошуп, унаа жасашыбыз керек. Мындайча айтканда, өнүгүш керек. Байыртадан келе жаткан улуу көнөрбөс сөздөр аң-сезимибизде тунук турганы абзел. Ал үчүн китепкананы экинчи үй кылып алуу зарыл. Китепти көп окуйм. Өзүмдө Сагымбай атабыздын сегиз киллограмдык Манас китеби бар. Аны окуш үчүн Карасаевдин сөздүгүн алыш керек. Себеби ал жакта өмүрү кездешпеген сөздөр бар. Мисалы, “Апсана сөздөр арбагыз, апаң көлүп жайдабыз” дегенди кандай түшүнөбүз? Өзүбүздүн эле сөздөр чет элдин сөзүндөй болуп калып жатат. Ар бир китеп өз өзгөчөлүгү менен баалуу. Биз төрт-беш акын балдар бири-бирибизге атаандашып, жаңы китептер чыкканда сыясы кургай электе окуйбуз.

Тойго такшалып алуу үчүн барабыз

Акындын университети дасторкондун чекеси. Маселен, тойлорго илгертеден эле жарчылык деп коёт. Ар бир замандын өз шарты бар. Тойлорго барабыз, ырдап беребиз. Мени тойго тааныштарым чакырат, же бир жерден байкап калышып, ушу баланы тоюма чакырайын деп чакырып калышат. Кээ бир убактарда өзүңөн-өзүң баргың келбей калат. Кеп акчада эмес. Акчадан бийик турган нерселер бар. Ар бир адам ниетине жараша амал кылат. Биз акындар тойго такшалып алганга барабыз. Ал жерде канча деген эл турат. Ырдап, өзүңдү көрсөтүп өсөсүң. Биринчи максат бул болсо, экинчи максат жан багыш керек. Себеп дегенде бир дагы акындын туруктуу айлыгы жок. Бирок өнөрдү берген Кудай башкасын да унутпайт экен.

Балким агайларыбыз жок биринчи орунду алдым

Эл деген көп. Калк айтса, калп айтпайт. Бардык нерсенин эки жагы бар. Ар ким өзүнө керек жакты карап алат. Аалы, Жеңишбек агаларыбыздын айтышка барбай койгону, балким жаштар өссүн дегенидир. “Өрдөк жокто чулдук бий” дегендей, балким ошол агаларыбыз катышпай, мен Көчмөндөр оюнунан биринчи орун алгандырмын. Болгону бардык нерсенин жакшы жагын ойлош керек. Тандоо турунда жогорку упай менен өттүм. Өзүм чырга жок баламын. Ызы-чуу болуп жатканын угуп калып жаттым. Бирок бул нерсе да жакшы. Демек, айтыш өсүп жатыптыр. Ийгилик болгон жерде чыр болуп турат. Атаандашуу башталса өнөр өсүп жатат.

Алган байгемди карыздарга бердим

Өзүм 92-жылкымын. Жашоо шарт жаңы башталып жаткан учур. Жубайым студент. Жаздан бери эмгектенип жүрүп Кырчындан биринчи орунду алдым. Кетмен кармап кетип калсам, ыр калып калат. Себеп дегенде ойдун баары ырда болуш керек. Алган байгем менен карыздарымды төлөдүм. Байге алган сайын акындын баары өзүнө эстеликке бир нерсе алат. Мен дагы ошол сыяктуу иш кылдым.

Жубайымда дагы акындык шык бар

Жубайым менен үч жыл сүйлөштүм. Мен чынында, эртерээк үйлөнүп калдым. Учурда эки балам бар. Улуумдун аты Асман, экинчим кыз, Мөлмөл. Жубайым Нарындан болот. Азыр шаарда, батирде турабыз. Чечен айтыштан таанышып калганбыз. Ал жерде менин акын экенимди көбү билчү эмес. Дос балдар менен барып калдык. Алар дагы университеттин атынан чечен айтышка барып калышыптыр. Ошентип ал жерден таанышып, баш кошуп калдык.

Мен айтышта биринчи тийишпейм

Мен ушул убакка чейин акындарга тийишип көргөн эмесмин. Жооп берип гана келе жатам. Өзүмө ушундай шарт коюп алгам. “Сүзөөнөк болсоң жашыңда, үзөөнөк болосуң кийин” дегендей. Албетте, айтышта элге кызык нерсе керек. Бирок кеп сен сары, кара дегенде эмес да. Айтыш деген бизге элдин атынан берилип жаткан трибуна. Мага ар кандай айткандар болот, мен болгону жооп гана берип келе жатам.

Колуман жакшы ата болуу гана келет

Жашоодо болгону эки гана максатым бар. Өзүм дагы көп ойлондум. Менден кыйратып бизнесмен деле, же башка кыйраткан неме деле чыкпайт. Эки нерсе гана колуман келет экен. Жакшы ата жана мыкты акын болуу. Натыйжада ушул эки максаттын артынан түшөйүн деген ниетим бар.

Булак: Саресеп

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: